Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу көмүр чыгаруучу Жыргалаң шахтасы 2017- жылдан аягында жеке ишкердик компаниядан мамлекетке өткөн. Бирок, 65 миллион сомдук чыгым алып келгени үчүн кайрадан сатыкка коюлган. Учурда кепилдик күрөөнүн көптүгүнөн сатып алуучу компания жок экенин Шахты-Жыргалаң айыл башчысы Талгат Мукалаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин шахтага Кытайлык компания менен Садыр Жапаров келишим менен ишкердик кылган. Чыгымга учураганынын себеби социалдык фондко, салыкка, электр энергияга жана жумушчулардын акчасы убагында төлөнбөй калган.

“Көмүр кенин мамлекет кайтарып алганы менен шахтаны кайра сатууга туура келди. Өткөн жылдан бери 5 жолу аукциондук отурум болду. Бирок, ишкерлерге алгачкы 5-10 жылга күрөө менен берүүгө 100 миллион сомдук ишкерлер табылбай жатат. Эгер ишке ашып кетсе 300гө жакын жумушчу орун түзүлүп, мамлекеттик казынага акча түшмөк”,- деди Мукалаев.

Эске сала кетсек, Жыргалаң шахтасы союз мезгилинде ишке берилген. Ал эми акыркы геологиялык чалгындоо жүргүзгөндө таш көмүрдүн 100 жылдык запасы бар экени аныкталды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.