Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Сары-Жаз тоосунан вольфрам, калай, олово кендери алына баштайт. Кенди иштетүү колго алынса алгач 350-400гө жакын жумуш орундар түзүлмөк, деди район акими Уланбек Дөкөнбаев.
Анын айтымында, кенди иштетүү жагы быйылкы «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жыдыгына карата ишке ашмакчы. Ал үчүн Сары-Жаз тоосуна электр энергиясын жеткирүү керек.
«Быйылкы жылы Сары-Жаз өрөөнүндөгү тоо кенди ишке киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Анын алкагында эӊ негизги көйгөй электр чубалгыларын жеткирүү маселеси каралды. Бул боюнча да энергетиктер менен маакулдашуулар жүрүп жатат. Кенди казып алуу алгач 350-400 жумушчу күчү менен башталса, кийинки 2-3 жылда 3 миӊге чейин жумушчу орундар түзүлмөк. Эӊ негизгиси жакыр айыл өкмөттөрдүн калкынын социалдык жашоо тиричилиги жакшырмак», деди Дөкөнбаев.
Эске сала кетсек, Борбордук Теӊир-Тоонун түндүк-чыгышында жайгашкан Сары-Жаз өрөөнүндө калай, вольфрам, оловодон сырткары чопо, кум, шагыл жана башка курулуш материалдарынын кендери бар. Алгачкы жолу 1950-1957-жылдарга чейин геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: