Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кениндеги чалгындоо иштерине байланыштуу өкмөттүк комиссия иштеп баштады. Тиешелүү буйрукка Өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев кол койгон.
Бүгүнкү күндө комиссиянын курамы коопуздук боюнча 10 күндүк план бекитишти. Комиссиянын сап башында Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов дайындалган. Курамдын теңтөрагалары Мамэкотехинспекциясынын жетекчиси Жолдошбек Жунушов, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов кирген. Мындан тышкары, саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдар министри жана бир катар министрликтердин, мекемелердин, Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү, Ысык-Көл облусунун жетекчиси, Тоң, Кочкор райондорунун акимдери, Тоң районундагы Көк-Мойнок жана Кочкор районунун Семиз-Бел айыл өкмөттөрүнүн башчылары болуп 20дай адам камтылган.
Андан сырткары, калк арасында нааразычылык жаралбаш жергиликтүү жашоочулардан да мүчө камтылмай болду. Теңтөрага, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов илимктөөгө эмнелер камтыларын төмөндөгүдөй белигиледи.
«Бул жер ишке кирген күндө дагы «хвостохранилище» болбойт. Азыркы тапта изилдөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен лицензия кайра берилер берилбесин убакыт көргөзөт. Бүгүнкү күндө түзүлгөн комиссия жерине барып таанышып карап жатабыз. Уранды көрүп, кандай алынарын көрүшүбүз керек. Талап боюнча кенди алган күндө дагы топурактан бөлүүгө химиялык заттар колдонулбайт, гравитациялык ыкма пайдаланылат. Суу менен гана жуулуп, топурагы калат. Торий менен уран Кара-Балтадагы кайра иштетүүчү ишканага жөнөтүлүп, ал жактан иштетилет. Ал арага чейин биздин топ калкка, мал-мүлккө, экологияга кандай зыян алып келерин толук анализдейбиз»,- деди ал.
Эске сала кетсек, “UrAsia in Kyrgyzstan” ЖЧКсы Кызыл-Омпол уран кенин чалгындоого лицензия 2010-жылы алса, мөөнөтү 2020-жылы 31-декабрда бүтөт. Компания 2015-жылдан бери 450 гектарга жакын жерден 1 миң 632 тонна уран, 3 миң 338 тонна торий, 33 миң 800 тонна цирконий жана 4 миң 102 тонна титан магнитинин запасы бар экенин аныкталган.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: