Тоң районунун бир нече тургундары уран казыла турган Таш-Булак аймагындагы кендин иштешине каршы оюн билдирип чыгышкан. Бүгүнкү күндө нааразы болгон жаштарга жеринен түшүндүрмө берилгенин Көк-Мойнок айыл аймагынын башчысы Майрамкүл Кыдыралиева билдирди.

Анын айтымында азыркы тапта коомдук абал тынч, уран чыга турган жер тилкесиндеги жолдор оӊдолуп, иш уланууда. Алдыда нааразычылык акцияларын уюштурбоо максатында коомдук угуулар өткөрүлөт.

«Жылдын башталышы менен Балыкчы шаарынын 25-35 ке чамалаган жаштары чогулуп, жалган маалымат менен уран кенин казууга каршы пикир жаратышты. Алардын талабы боюнча атайын комиссия түзүлүп, жеринен тааныштырылды. Эми кенди кайра иштетүүгө райондогу башка жашочулар да кайчы пикир жаратпоо үчүн коомдук угуулар өтөт. Ага Канадалык компаниянын өкүлдөрү, мамэкотехинспекциясынан жана башка тиешелүү кызматтагылар келип маалымат беришет. Азыркы тапта жумуш орундарга кабыл алуу жүрүп жатат. Эгер мамлекет аталган компанияга уруксаат берсе, жумуш башталат», -деди Кыдыралиева.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.