Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-июлундагы №261 Жарлыгына ылайык, Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балык запастарын сактоо жана көбөйтүү максатында өндүрмөлүк балык уулоого убактылуу мораторий жарыяланды.

Жарлыкка ылайык, 2026-жылдын 21-июлунан 2029-жылдын 21-июлуна чейин көлдөрдө жашаган балыктардын бардык түрлөрүн өндүрмөлүк кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана ташып чыгууга тыюу салынат.

Аталган Жарлык 2026-жылдын 21-июлунан тартып күчүнө кирет.

Маалымат булагы egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.