Ысык-Көл облусуна караштуу Тоӊ районуна эки жылдан бери аки таш чыгаруучу завод курулууда. Бүгүнкү күндө иш кананын 70 пайыздык жумуш бүткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көлдөгү аки таш чыгаруучу заводунун жетекчисинин орун басары Бектемир Абдыкеримов билдирди.
Маалыматка ылайык, Улахол айыл аймагынан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан бул заводко электр энергиясы тартылып, суу чыгарылган. Келээрки жылга чейин сырьену иштете турган жабдуулар толук кандуу орнотулуп бүтсө суткасына 200 тонна аки таш өндүрө баштайт.
«Биздин билишибизче өлкөдө аки таш чыгаруучу заводдор жокко эсе. Болгону Түп районундагы Күрмөнтүдө чыгат. Бирок, алар ишти жаӊыдан баштаган соӊ, реконструкцияга турушту. Ошондой эле мурда иштеп келген Кеминде, Оштогу ишканалар жабылып калган. Андыктан турмуш тиричиликке, курулуш материалга керектеле турган аки ташты суткасына 200 тонна чыгарууга мүмкүнчүлүк бар. Бирок азырынча 150 тонна өндүрүүнү пландап жатабыз. Чийки зат 15 км аралыктан карьерден казылып алынат. Эӊ негизгиси биз инвестор издебей эле өзүбүздүн күчүбүз менен ачып жатабыз. Баш аягы заводду курууга болжолдуу түрдө 20 миллион сом коротуудабыз. Эгер иштеп кетсе жумуш орундар 70 кишиден кем болбойт. Аки таш негизинен базарга, кен байлыктарды чыгаруучу комбинанттарга жөнөтүлмөк»,-деди Абдыкеримов.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: