Ысык-Көлдө жеке ишкерлер насыяга күрөсү жетпей, кепилдик фондунан 66 миллион сом алышты. Тагырагы, өткөн 2018-жылы фондко 80 жаран кайрылса, анын 51 долбоору комиссиядан өткөн. Бул тууралуу аталган фонддун Ысык-Көлдөгү өкүлү Кубанычбек Насиров билдирди.

Анын айтымында ишкерлер кепилдик акчаны туризм, айыл чарба, соода-сатык жана кайра иштетүү тармагына жумшоодо. Мунун ичинен каражаттын басымдуусу кайра иштетүү багытына бөлүнгөн.

«Кыргызстанда кепилдик фонду 2016-жылдын аягында түзүлсө, Ысык-Көлдө 2018-жылы филиалы ачылды. Алгач, жеке ишкерлерде маалымат жетишсиз болуп, кайрылуулар активдүү болгон жок. Мындан улам район, шаарларды кыдырып аймакты 4 багытта өнүктүрүү максатында маалымат жеткирдик. Жалпылап айтканда өткөн жылы кайра иштетүүгө 33 миллион, соода-сатыкка 13 миллион, айыл чарбасына 12 миллион жана туризм багытына 3 миллион сом кепилдик берилди. Быйылкы жылы ишкерлер кызыгуусу байкалууда. Акыркы эки айда 7 бизнес долбоордун кайрылуусу келип түшүп, банктарга кепилдик берип жатабыз», – деди Насиров.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.