Ысык-Көл облусунун Ак-суу районундагы крахмал чыгаруучу зоводко картошканын жаӊы түрү өстүрүлөт. Себеби, жергиликтүү жашылчанын крахмалы аз болуп, буга чейин завод суткасына 60 тонна крахмал алууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Бул тууралуу район акими Уланбек Дөкөнбаев билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы Түштүк Кореялык инвесторлорунун каржылоосу менен курулган заводдо 40-50 чейин жумушчу орун түзүлүп, иштеп келишкен. Бирок, картошканын курамындагы крахмал аз болуп, планга чыкпай келген. Эми жаз алдынды менен 100 гектар жерге жаӊы картошка эгилет.

«Быйыл Кореялык инвесторлор дыйкандарга 70 тонна картошканын жаӊы үрөнүн берсе, күзүндө кайра келишим баада сатып алынмак. Крахмал чыгаруучу зовод 40-50 адамды жумуш менен камыздоого мүмкүнчулүгү бар. мындай мүмкүнчүлүк ийгиликтүү ишке ашса, келечекте туруктуу жумуш орундар түзүлүп, крахмал тамак-аш багытында ички жана сырткы рынокко жайылтылат»,- деди Дөкөнбаев.

Маалымдай кетсек, крахмал чыгаруучу заводдун имараты 2015-жылы курулуп, инвесторлор тарабынан 100 миӊ доллар сарпталган. Картошканы кайра иштетүүчү жабдуулар 450, миң АКШ акчасына алынган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.