Быйыл, Ысык-Көл облусуна инвестициянын негизги капиталы болуп 17,5 миллиард сом болуп эсептелди. Анын ичинде Кумтөрдөн бөлүнгөн «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондусунан 10 айда 415 миллион 600 сом иштетилсе, 55 миллион АКШ доллары сырттан келип түштү, ал эми калгандары ички инвестиция болуп саналат. Бул тууралуу облустук туризм жана инвестиция тартуу секторунун башчысы Максат Мусаев билдирди.
Анын айтымында бул акча каражаты 57 жеке менчик ишкана, социалдык мекемелердин курулушуна жана имараттарды оӊдоп түзөөгө жумшалды. Аны менен катар жумуш орундар камсыздалып, элдин социалдык жашоо турмушуна жеӊилдик алып келди.
«Үстүбүздөгү жылдын 11 айыныны жыйынтыгы менен Ак-Суу айылына 10 ишкана, Жети-Ѳгүзгө 9 Ысык-Көл районуна 9, Түпк 8, Караколго 8, Тоӊго 7 жана Балыкчы шаарына 6 ишкана ачылды. Жалпысынан 2 миң 206 адам иштеп киреше тапса, анын ичинен 355 туруктуу жумушчулар. Мисалы, жеке менчи ишканаларда балды куюучу цех, сүт, эт комбинаты жана башка киреше алып келүүчү соода борборлор иштеп жатат», – деди Мусаев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.