2014-жылдан баштап Кыргызстанда мектепке чейинки даярдоо боюнча 5 миң класс ачылган. Класстар “КР мектепке чейинки билим” долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ачылган. Бул тууралу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Биринчилик көңүл мамлекеттин алыс аймактарына бурулган. Долбоорду ишке ашырган натыйжалары:

  • “Наристе” программасынын багытында мектепке чейинки даярдоо боюнча 4598 класс ачылган. Алардын баары керкетүү жабдуулар менен камсыздалган;
  • үч сааттык 120 бала бакча ачылган;
  • 310 мугалим мектепке чейинки психология, билим берүү методологиясы боюнча квалификациясын жогорулаткан;
  • Чүй облусунун Москва районундагы мектептерде инклюзивдүү билим берүү модели киргизилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.