“Борбордук Азиянын Евразия фонду” Нидерландынын Элчилигинин финансылык каржылыгы менен Кыргызстандын жаштарын колдоо долбоорун аяктады.

“Жаштарды экономикалык мүмкүндүкө жеткирүү жана эл аралык мамилени жакшыртуу” боюнча долбоору 2017-жылдын сентябрь айында башталган. Өтүп кеткен 12 айдын ичинде Ош жана Жалал-Абад облустарында 15-30 жаштагы жаштардан 6 топ тузүлгөн: ар бир облуста 3 топтон. Жаштар кеңеши жаштардын өз өнөрдүгүн өнүктүрүп, иш орундарды тузгөнгө жардам берет.

“Мен жергиликтүү кеңештин депутаты болом. Биз, кесиптештерибиз жана пикирдештерибиз менен биздин жаштар башка мамлекеттерге иштеп кетпесин, Ата-Мекенибизде калып пайда алып келсин деп иш орундарды түзүү боюнча ойлондук. Демилгеси бар жаш балдар көп, бирок аларды ишке ашырууга аларда да, жергиликтүү бийликтин каражаты жок. БАЕФду жаштарды колдоо долбоорун баштаганда биз абдан сүйүндүк. Биз баары менен катышкан, арадагы абалды билген, ар кандай адистерди демилгечи топко чогулттук”, – деп Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун демилгечи тобунун өкүлү Мируулан Токтосунов айтып берди.

Анын айтымында, Жаштар кеңешинин өкүлдөрү долбоордун алкагында бизнес идеяларды тандоо боюнча тренингтерине катышып, түшкөн өтүнмөлөрдөн эң мыктысын тандашты.

Жалпысы 6 демилгечи топко 100 бизнес идея тушкөн, анын ичинен 12 тандалды. Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн авторлорго 1 миң евродон тапшырылды. Азыр 12 жаран өздөрүнүн кийим тигүүчү, эмерек цехтердин, нан бышыруучу жайлардын, теплицалардын жана унаа оңдоочу жайлардын кожоюндары.

Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Машарип уулу Дурусбек белгилегендей, берилген гранттын жардамы менен, ишкер өзүнүн унаа оңдоочу жайын кеңейтип, жаңы жабдууларды сатып алды.

“Биздин айылда оңдоочу жайыбыздан башка жок, биз илгертен бери эле иштейбиз, бирок жабдуубуз жок майда жумуштарды гана аткарганга мүмкүн болгон. Эгерде унаалардын сыныгы чоң болсо, айдоочулар унааларын шаардан ондотушат. Бизге берилген грантка жетишпеген жабдууларды сатып алып, дагы эки устаны жумушка алдык, ишибиз акырындан өнүгүп баштады”, – дейт Машарип уулу Дурусбек.

“Жаштарды экономикалык мүмкүндүкө жеткирүү жана эл аралык мамилени жакшыртуу” боюнча долбооруна катышкан Жалал-Абад шаарынын тургуну 24-жаштагы Мыктыбек Адилбеков өзүнүн эмерек чыгаруу цехин кеңейтип алды. Анын айтымында, эмеректи жазаганды баш калаадан үйрөнгөн, бирок ишмердигин оз жеринде улантканга каалап жүргөн.

“Мен социалдык тармактардан кулактандырууну көрүп катышам деп чечкем. Биз Оштон бизнести пландаштыруу боюнча окууну өттүк. Биздин шаарда цехтер аябай көп, ошодуктан атандаштык да көп. Биздин кичиникей цехте керектүү жабдуулар жок болгондуктан эмеректин көп түрүн жазаганга мүмкүн жок болуп калгандар менен атандашалбай жүрдүк. Азыр биз жумушка эки адамды алдык, цехте 5 уста иштейт, каалаган эмеректи жазаганда мүмкүнчүлүк болгондуктан заказдар көбөйдү”, – деп Мыктыбек Адилбеков айтып берди.

Жаңы ишкерлердин арасынан эң жаш ишкер Ош шаарынын тургуну 18 жаштагы Нуриза Алымова. Ал өзүнүн кийим тигүүчү жайынын ээси болду. БАЕФнун жардамы менен Нуриза өзүнүн тилегин ишке ашырды.

“Мен кичинекей кезден бери тиккенди жакшы көрөм, дизайнер болом деп ойлоп жүргөм. “Модельер-дизайнер” адистиги боюнча ЖОЖна тапшыргам. Мен өзүмдүн цехимди ачам деп үмүттөнгөм, азыр тилегим ишке ашты. Бул менин биринчи чоң долбоорум, мен өзүмдүн сүйүктүү ишим менен алектенем, эң башкысы өзүмө иштеймин. Берилген грантка биз тигүүчү машинкаларды жана жетишпеген жабдууларды сатып алдык. Мен менен азыр 7 тикмечи иштейт, башында 3 киши менен баштагам. Кийимдин дизайнын өзүм табып чыгып кардарларга сунуштайм, эгер алар жактырса сатып алышат. Азыр биз улуттук көйнөктөрдү тигебиз. Мен жыйынтыктарга ыраазымын, биздин долбоорубуздун келечеги чоң деп ишенем”, – деди Нуриза Алымова.

“Жаштарды экономикалык мүмкүндүкө жеткирүү жана эл аралык мамилени жакшыртуу” боюнча долбоорунун катышуучулары уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип, ушундай долбоорлор өлкөнүн жаштарына өз ишин ачып, жаңы иш орундарды түзүүгө жардам берет деп үмүттөнүшөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.