Ысык-Көлдө «Жаштар ишмердүулүктү жогорулатат» долбоорунун алкагында 28 жашка чейинки 9 идея колдоо тапты. Аларга “Кумтөр Голд Компани” ЖАКу тарабынан 170 миӊ сомдон 5 миӊ долларга чейин акча бөлүп берет. Бул тууралуу Евразия фондунун долборлор аралык меденеджери Таалай Талантбек уулу маалымдады.

Анын айтымында тандалып алынган жаштардын бизнес идеясы боюнча келээрки жумада сураган жабдуулары, керектүү эмеректери алынып орнотулат.

«Биз 2018-жылга карата жаштардын 30 бизнес идеясынан 9 долбоорду жактырып, колдоо көрсөткөнү турабыз. Ушул тапта тандалып алынган ишкерлер тиешелүү каттоодон өтүп жатат. Алардын ичинен Караколдон 4, Балыкчы шаарынан 1, Бөкөнбай айылынан 2, Саруудан 1, Сары Булак айылынан 1 ишкер тандалды. Келээрки жумада аларга 170 миӊ сомдон 5 миӊ долларга чейинки керектүү жабдууларын алып беребиз. Ишке ашып кетсе 20га жакын адам жумуш орундар менен камсыздалат», – деди Талантбек уулу.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.