Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылынын көл жээгине 5 жылдыздуу пансионат курулууда. Заманбап үлгүдөгү имаратка жалпысынан 1 миллиард сом акча каражаты керектелет. Ал эми курулуш иштери өткөн 2018-жылы башталган.
Аны колго алып жаткан жеке компания туристтердин эс алуусун жакшыртуу максатын көздөйт. Бул боюнча өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев жеринен таанышып, төмөндөгүдөй пикир калтырды.
“Ысык-Көл облусунда анын ичинде Бостери айыл аймагында жакшы иштер болууда. Буюрса быйыл маданият үйү салынып бүтүп калат. Мындан сырткары аймакта эл аралык стандарттарга жооп бере турчу пансионат салынууда. Мунун аркасы менен туризм жакшы жагына өнүгүп, жумушчу орундар түзүлөт. Андан сырткары жылдык салык түшүп айыл аймактын инфрастуруктурасын дагы бекемдейт”, – деди Осмоналиев.
Маалымдай кетсек бул учурга чейин Ысык-Көл облусу боюнча 4 жылдыздуу мейманкана Каракол шаарында ишке берилген.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: