Каракол шаарында аймактар аралык бизнести кеңейтүү жана бизнес мүмкүнчүлүктөрүн табууга багытталган бизнес кербени өткөрүлүүдө. Аны JIA Бизнес- ассоциациясы уюштуруп, өлкө аймактарынан келген 50гө жакын бизнес ээлери 200гө жакын жаш ишкерлер менен жолугууда.

Иш чаранын негизги максаты аймактар аралык мамилени ишкердик аркылуу жандандыруу болуп саналат. Алкагында рынокту изилдеп кардарларды табуу, кызматташуу келишимин түзүү, жаңы бизнес ачуу, туризмди өнүктүрүү сыяктуу перспективге багытталат. Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев бул жолку жолугушууну жакшы жагына колдойт.

“Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылдыгынын алкагында ишкерлердин эки тараптуу жолугушуусу келечекке чоң жол ачат. Анткени Ысык-Көлдө жаңыдан жанданып келе жаткан ишкерлер көп. Эми бизнес форумдун жыйынтыгы менен тажрыйба алмашып, чечилбей келе жаткан маселелер орундалат деген ойдобуз. Бийлик өкүлдөрү колдоо көргөзгөнгө даяр,-деди Осмоналиев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.