«Коопсуз шаар» долбоорун киргизгенден тартып үстүбүздөгү жылдын 12-февралынан 3-мартка чейин Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 19 миң жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу долбоорду ишке ашыруу боюнча өкмөттүн кеңешмесинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Ыманалы Саркулов маалымдады.

Анын айтымында, «Жол кыймылы жөнүндө» КР мыйзамына жана Бузуулар кодексине киргизилген өзгөртүүлөр 2019-жылдын 4-мартынан тартып күчүнө кирди, аларга ылайык, жол кыймылынын эрежелерин бузууларды аппараттык-программалык комплекстер аркылуу аныкталган эреже бузуулар үчүн жеке жана юридикалык жактарга айыппулдар теңештирилди.

Ошондой эле айыппулду 15 күн ичинде төлөгөн айдоочуларга айыппулду 50% жеңилдик менен төлөө укугун берүү каралган.

Буга байланыштуу бузуулар тууралуу билдирмелер эреже бузгандыгы катталган айдоочуларга 4-марттан тартып жөнөтүлө баштайт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.