Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жол кыймылынын эрежесин бузуулар үчүн айыппулдарды тууралоо маселесин изилдеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүүнү тапшырды. Талкууну өкмөт башчысы «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешмеде көтөрдү.

Маалымат боюнча, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун алкагында бүгүнкү күнү жол эрежесин бузуулар жөнүндө 108 137 токтом түзүлгөн, анын 44,5% төлөнгөн.

Ошол эле учурда жол кыймылынын эрежесин бузуулардын ар башка түрлөрү үчүн негизинен 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин жоопкерчилик белгиленген. Коомдо кооптуу унаа менен бейбаштык кылуу, уруксат берилген 60 км/с ылдамдыкты жогорулатуу, унаа каражатын мас абалында айдоо жана башка бир катар бузуулар боюнча гана бир кыйла катуу жоопкерчилик чаралар белгиленген.

2019-жылдын 1-январынан тартып айдоочулук күбөлүктү алып коюу тажрыйбасы жоюлуп, өзгөртүүлөр киргизилген, ага ылайык, бузуулар үчүн айыппулдарды токтом алгандан баштап 15 календарлык күн ичинде төлөгөн шартта айыппулдар өлчөмү 50%га кыскарат.

Коомчулуктун пикирин эске алып, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгесин көңүлгө алуу менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу топко учурдагы айыппулдардын өлчөмүнүн негиздүүлүгүн жана натыйжалуулугун карап чыгууну тапшырды.

Анын пикиринде, өлкө аймактарында долбоордун кийинки баскычтарын ишке киргизүүнүн алдында долбоорду борбор шаарда ишке ашыруунун жыйынтыктарын тыкыр талдоо жүргүзүү жана келечекте бардык реалдуулуктарды эске алуу менен сапаттуу ишти камсыздоо зарыл.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.