26-октябрдан 4-ноябрга чейин Кусаин Кѳлбаев атындагы туннелинин (Тѳѳ Ашуу) желдетүү системасында жыл сайын ремонт иштери жүргүзүлѳт. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Туннелдин желдетүү системасын оңдоо боюнча профилактикалык иштер жүрүп жаткандыгына байланыштуу транспорт каражаттарынын туннель аркылуу ѳтүшү атайын графикке ылайык жүргүзүлѳт.
Профилактикалык иштерди жүргүзүү боюнча чечим Чүй областтык жол кыймылынын коопсуздугун кѳзѳмѳлдѳѳ Мамлекеттик башкармалыгы жана Бишкек-Ош автомобиль жолунун Мамлекеттик дирекциясы менен биргеликте кабыл алынган. Ишти жүргүзүү боюнча ордер Ички иштер министрлиги менен макулдашылган.
Унааларды өткөрүү графиги:
- 08:00-09:30 с. –оңдоо иштери (жабык)
- 9:30-14:00 с. унааларды ѳткѳрүү (ачык)
- 14:00-15:30 с –оңдоо иштери (жабык)
- 15:30-08:00 с. унааларды ѳткѳрүү (ачык)
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: