Ысык-Көл облусу боюнча күз кыш мезгилине карата жалпы 111, 5 миӊ тонна катуу отун керектелери пландалган. Бирок, сентябрь айынын аягына чейин социалдык мекеме- ишканалар жылытуучу каражаттар менен 100 пайызга камсыз боло элек. Бул боюнча облустук ыйгарым укуктуу өкүлчулүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда кыштан чыгуу үчүн тендер ойнотулуп, жалпы 26,7 миллион сомго келишим түзүлгөн. Бирок, анын ичинен билим берүү тармагы 45 пайыз, саламаттыкты сактоо мекемелери 80 пайыз, бюджеттик мекемелер 58,9 пайызга даяр болду. Ошондой эле мекеме ишканалардын көпчүлүгүнө жылуулук бере турган «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасы от казандарды оӊдоп түзөөдө 29,9 миллион сом каралса, учурда дагы 14 пайыздык жумуш калды.
Ал эми калкты кара алтын менен камсыз кылуу үчүн аймакка жалпы 76 жерге соода түйүндөрүн ачуу пландалган. Бул боюнча көчмө жана стационардык түрдө 57 жерде көмүр сатыла баштады. Анын ичинен эӊ аз көрсөткүч Балыкчы шаарында экендигин аймак жетекчилери тастыктап, жалпы кемчиликтер боюнча эскертүү беришти.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: