Ысык-Көл жана Нарын облустарына электр энергиясын камсыздап келген «Чыгыш электр» ААК дебитордук карыз 353 миллион сом болду. Анын ичинен мамлекеттик мекемелер 108 миллион сом карыз болсо, жеке менчик жайлар 6 миллион сомдук чыгым өндүрүлбөй келет. Ал эми эки облустун калкы 117 миллион сом бересе, деди акционердик коомдун башкы директору.

Максатбек Чыныбековдун айтмында дебитордук карызы барлардын айрымдары көп жылдан бери төлөбөй келишүүдө. Анын катарында Ысык-Көлдөгү «Рахат» жана «Витязь» пансионаттары да бар. Бүгүнкү күндө карызды өндүрүү үчүн 472 иш сотко өткөрүлгөн.

«Эки жыл мурун электр жарыгына болгон дебитордук карыз 394 миллион сомду түзсө, анын 40 млн, 300 миӊ сомун өндүрдүк. Калган акчаларды чогултуу үчүн айрым мекемелерди, жана жеке менчик турак жай ээлерин сотко бергенбиз. Ошондой болсо да, биз быйылкы жылды базар экономикасын эске алып, айрым жашоочуларды түшүнүү менен кабыл алып жатабыз. Анткени Ысык-Көлдүк дыйкандарга картошка, сарымсак баа болбой калса, Нарындыктар үчүн малдын, эттин баасы арзан болууда»,-деди Чыныбеков.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.