Каракол шаарындагы 40-50гө жакын активисттер уран кенин иштетүүгө каршы тынчтык митингин өткөрүштү. Нааразычылык акция борбордук стадионго уюшулуп 1,5 саатка созулду. Уюштуруучунун бири Банура Абдиева митинге чыгуунун максаты 3 талапка багытталарын билдирди.
Активисттер Кыргызстанда уран жана башка радиоактивдүү материалдарды казуу жана кайра иштетүүгө толук тыюу салуу боюнча мыйзам кабыл алуу. Жаратылышты коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузган жооптуу адамдарга кылмыш ишин козгоо. Уран кенин иштетүүгө каршы чыккан активисттерге кысымды токтотуу, экенин маалымдады.
«Биздин мекенибизге келген туристтердин саны жыл сайын өсүп бара жатат. Андан канчалаган жумуш орундар түзүлуп, экономикабыз өсүп жатат. Мисалы, өткөн жылдын жыйынтыгы менен туризмден 350 миллион доллар түшүптүр. Эгер уранды иштетүүгө уруксаат берилсе жылына 30 миллион доллар түшөт экен. Бул пайда шылдыӊга барабар. Ошондуктан тынчтык митингинин жыйынтыгында резолюция кабыл алып, коюлган талаптардын тиркемесин эми өкмөт өкулдөрүнө, күч түзүмдөрүнө жөнөтөбүз»,- деди ал.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: