КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-сентябрда, коомдук жайлардагы өрткө каршы талаптардын сакталышы маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Өкмөт башчынын айтымында, «Арзу» кафесиндеги, «Мадина» рыногундагы, Каракол шаарынын борбордук базарындагы жана «Супара» этно-комплексиндеги өрт чыгуу фактысы алардын ээлерине оор чыгымдарды алып келип, коомчулукта белгилүү суроолорду жаратууда.
Абылгазиев өрт коопсуздугун сактоо көзөмөлүн күчөтүүнү талап кылып, тийиштүү мамлекеттик органдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте соода түйүндөрүнүн, оюн-зоок жайларынын аймактарында, коомдук тамактануу жана эл көп чогулган жерлерде өрткө каршы коопсуздук ченемдерин сактоону бир жумалык мөөнөттө тыкыр текшерип чыгууну тапшырды.
Ошону менен бирге Өкмөт башчынын тапшырмасы боюнча соода жана тейлөө объектилеринин ээлери арасында келечекте тобокелдиктерди азайтуу үчүн тиешелүү түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүүсү зарыл.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: