Ысык-Көл облусунда Кытай чек арасына жакын жайгашкан Ак-Шыйрак өрөөнүндө 88 үй бүлө жашайт. Анда негизги тиричилик мал чарбачылыгына багытталган. Учурда 8 миӊ 300дөн ашуун ири жана майда малга тоют ташуу үчүн бир катар түйшүк бар. Чабандардын бири Аскат Абдыкасиев жол жана көпүрөө маселеси көп жылдан бери коопту абал жаратып, курч бойдон чечилбей келээрин кабарлайт.

Айрыкча сапарга чыкканда унаада 2-3 күндөп түнөп калышат.

“Биз айрым мезгилдерде көл жээкке сапар тартканыбызда жааган кар көп түйшүккө салат. Анткени унаа өтө турган жолдорго шамал үйлөп тоскоолдук жаралат. Бул учурда жол чарба кызматкерлери өздрүнө тиешелүү гана жерди тазалабаса биз өзүбүз күрөк менен жолду ачабыз. Айрыкча кышкы суукта унаага түнөп, канча адам өлүмдөн калды. Ошондуктан облус жетекчилери жол жана көпүрөө маселебизди эске алып чечип берүүсүн өтүнөбүз”, -деди А.Абдыкасиев.

Бул боюнча кабар алган өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев жеринен кабар алды. Ал өз сөзүндө жол маселесин транспорт жана жолдор министрлигине жеткирип, чечип берүүгө аракет болорун убадалады.

“Кытай чек арасына чектеш жашаган эл менен жолугушууда транспорт министрлигине тиешелүү көйгөйлөрдү көтөрүүдө. Алар койгон маселелерди жогору жакка койбосок болбойт. Анткени Кара-Сай суусунан өтө турган жалгыз көпүрө оӊдоого муктаж экен. Көпүрөнү кайрадан куруу үчүн 32 миллион сом жумшалаары сметалык долбоору түзүлүптүр. Буга 2018-жылы Кумтөрдөн бөлүнгөн Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунан 15 миллион сом каралган. Бирок жолдор министрлигинен калган 17 миллион сому кармалып тендер өтпөй калган. Эми бул жылы бул иштерге киришип чечип берүүгө аркет кылабыз”,-деди Осмоналиев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.