Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-августта Мамлекттик чек ара кызматынын башкармалыгынын Ош облусундагы «Жаңы-Жер» чек ара заставасынын жаңы комплексинин салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет.
КР Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын начальниги Райимберди Дуйшенбиевдин айтмында, чек ара заставасында заманбап объектилер менен жабдылган модулдук эки кабаттуу административдик бөлмөлөрү бар казарма жана офицерлер жана прапорщиктер курамы, алардын үй-бүлөлөрү үчүн үйлөрдү камтыган имараттар комплекси курулуп жатат.
Мамлекет башчысы «Жаны Жер» чек ара засатавасынын жаңы комплексинин курулушу жана жабдылышы Кыргызстандын ЕАЭБке кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү боюнча Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде ишке ашырылган.
Президент Сооронбай Жээнбеков чек арачыларга 250 миң сомдук сертификатты тапшырды.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.






Spelling error report
The following text will be sent to our editors: