Бүгүн, 13-июнь күнү, Ош шаарындагы көп балалуу энелер “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары менен сыйланышты. Сыйлыктарды Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди.
Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев алгач эненин атын сыймыктануу менен атап, баркына жетүү ар бир инсандын милдети экендигин айтып, куттуктады.
“Энелер — нарк-насилдүү, оор басырыктуу, айкөл адамдар. Дени сак улут эне аркылуу калыптанат. Саламаттык, бейпилдик, токтоолук энелер аркылуу келет. Адам баласы төрөлгөндөн тарта өмүрүнүн акырына чейин “Эне” деген сөздү ооздон түшүрбөйт. Кубансак кубанычыбызга, кайгырсак кайгыга ортоктош, бассак –турсак өз мээримине бөлөгөн энелер ар дайым бар болушсун”, – деди А.Кадырбаев.
Андан соң, КРнын президентинин жарлыгы менен көп балалуу энелерге орден, медалдар тапшырылып, Ош шаарынын мэриясы тарабынан баалуу белектер берилди.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.






Spelling error report
The following text will be sent to our editors: