2018-жылдын 17-ноябрында Ош шаарында УКМК кызматкерлери үчүн жаңы курулган турак үйдү тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

КР коргонуу кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев өз сөзүндө мамлекет тарабынан бардык аймактардагы күч структураларынын кызматкерлеринин социалдык абалына өзгөчө көңүл бөлүнөөрүн белгиледи.

Андан кийин кызматкерлерге жаңы турак-үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды. Бул турак-үйдөн УКМК кызматкерлеринен 49 үй-бүлө өздүк батирлерге ээ болду.

Муну менен катар Президент Сооронбай Жээнбеков түздөн-түз колдоосу менен УКМК кызматкерлерине Ысык-Көл областынын Каракол шаарында дагы турак-үйлөрдү куруп бүтүп, тапшыруу белгиленип жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.