Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн айыл жерлерин ичүүчү суу менен камсыздоо тармагындагы «Ала-Тоо булагы» программасын ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинин директору Аскарбек Токтошевтин атымында, учурда «Ала-Тоо булагы» программасынын алкагында айылдарды суу менен камсыздоого жана санитарияны жакшыртууга багытталган эки долбоор ишке ашырылууда.

«Программа таза суунун жеткиликтүүлүк көйгөйү бар дээрлик бардык калктуу пункттарды камтыйт. Республиканын 115 айылында суу менен камсыздоо тутумдарын куруу пландаштырылган. Муну менен биз үч жүз миңдей адамды камтый алабыз. Мындан тышкары суу менен камсыздоого бардык социалдык мекемелер кошулган, мектептерде иштеп жаткандары оңдолуп же жаңы санитардык объектилер курулат. Долбоорлор Дүйнөлүк банктын жана Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосунда ишке ашырылмакчы. Жалпысынан суу менен камсыздоону өнүктүрүүгө 94 млн каралган», – деди Аскарбек Токтошев.

Өкмөт башчы белгилегендей, өлкөнүн аймактарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча бардык долбоорлор белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшү керек.

«Суунун бир куб метри, бул миң литр, Бишкектин бир жашоочусу үчүн 5,38 сом, ошол эле учурда өздүк наркы – 7,70 сом. Желим бөтөлкөдөгү 1 литр суу 20 сомдон ашык турат. Мындай болбошу керек. Калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Эгерде биз жер-жерлерде суу менен камсыздоо тутумун жакшыртууну кааласак, анда сөзсүз бааларды кайра карап чыгуу кажет.Чогултулган каражаттар өлкөнүн бардык аймактарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо үчүн инфраструктураларды түзүүгө жана кайра калыбына келтирүүгө жумшалды», – деди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, өлкө калкы ичүүчү суунун жеткиликтүүлүгүнүн маанисин билиши керек.

«Биздин республика таза сууга бай. Өлкөбүздө суу менен камсыздоонун баасы эң төмөн. Суу – бул баа жеткис байлык, аны ар бирибиз сакташыбыз керек», – деп жыйынтыктады өкмөт башчы.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.