КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июлда Талас районундагы «Манас-Ордо» улуттук комплексине баруу менен өзүнүн Талас облусу боюнча жумушчу сапарын баштады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызмаы маалымдады.

Сооронбай Жээнбеков Талас районундагы Таш-Арык айылынын балдар бакчасынын курулушу жана Тараз-Талас-Суусамыр авто жолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Бул долбоорлор боюнча маалыматты КР өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарбы мамагенттигинин директору Бактыбек Абдиев жана КР транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов беришти.

Жумуш сапарынын алкагында Сооронбай Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун Шекер айылына барып, андагы «Чынгыз-Ордо» маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексин куруунун жүрүшү менен таанышат.

Президент ошондой эле облустун тургундары менен жолугушат, агрардык, социалдык чөйрөлөрдөгү абал менен жана региондун транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштин жүрүшү менен таанышат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.