Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенка айылынын жаштары «Ак-Суу Кенч» эс алуу жайынын ишмердүүлүгүн 7-майда токтоткон болчу. Анда саркынду суунун ичүүчү сууга кошулуп жатканына жүйө келтиришкен. Бирок, акыркы 20 күндүн ичинде эс алуу жай 600 миӊге чыгым болгонун жетекчиси Чынара Урманаева билдирди.
 
Анткени, табийгый ысык суунун заманбап үлгүдө иштетүү үчүн 4 жерден ири суммада насыя алынган.
 
“Эс алуу жай иштеп турса июль айында туура бир жыл болмок. Биз жана дагы 3-4 ишкер кир сууну таза сууга кошкон жерибиз жок. Бүгүнкү күнгө чейин облустук бириккен оорукананын канализациясына туташкан элек. Теплоключенка айылынын жаштары эмне себептен биздин эс алуу жайды жаап, башкаларга маселе көтөрбөгөнү таӊ калдырат. 7-майдан бери эс алуучу кабыл албай чыгымга учурап отурабыз. Насыябыз төлөнбөй турат. Эми айласыздан саркынды суунун тазалоочу жай куруш керек. Ага бери дегенде 20 миӊ доллар керектелет. Азыр орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу акча береби белгисиз»,-деди Урманаева.

Эскертсек, жергиликтүү жаштардын нааразычылыгынан улам, жеринде комиссия түзүлгөн. Курамына санитардык эпидемиялык көзөмөлдө, ӨКМ, райондук прокуратура, экологиялык техникалык инспекциясы, айыл өкмөт жана жак активдер камтылган. 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.