КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 24-июлда, өлкөнүн көлмөлөрүндө коопсуздукту камсыздоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Өкмөт башчысынын айтымында, пансионаттардын, эс алуу үйлөрдүн ээлери эс алуучулардын коопсуздугуна шалаакы мамиле жасайт.
“Кыска мөөнөттүн ичинде суудагы коопсуздукту камсыздоо жана өлкөнүн ачык көлмөлөрүнө жакын жерде жүрүм-турум эрежелерин дыкат сактоо боюнча толук чараларды кабыл алуу керек” – деп Абылгазиев басмалап кетти.
Ошондой эле, премьер-министр ар бир жээкте куткаруучу секилерин орнотууну сунуштады.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: