Ысык-Көл облусунда мамлекеттик ипотекалык компаниядан турак жай алуу үчүн 538 адам арыз менен кайрылган. Бирок, 2017-жылдын сентябрь айынан бери алардын 268 үй алышты. Бул тууралуу облустагы аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Исланов билдирди.
Анын айтымында, калган 270 жаандын арызы боюнча учурда тиешелүү документтери каралууда. Анын ичинде банктын талаптарына туура келбеген жарандар да бар.
«Мамлекеттик ипотекалык компаниясы бюджеттик мекемелерге, билим берүү жана саламатттыкты сактоо кызматкерлерине үй бере баштагандан бери башка облустарга салыштырмалуу Ысык-Көлдө кайрылуулар көп болду. Албетте бул калктын санына жараша болсо керек. Азыркы тапта биздеги 15 банк кызматташтыктын негизинде насыя акчаларын бөлүп берүүдө. Мисалы турак жай ала элек 270 жарандын ичинен айрымдарынын кирешеси, айлык маяналары туура келбей калууда. Калгандары тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүп жакын арада алат деген ойдобуз. Ал эми турак үй алгандар 500 миӊ сомдн 3 миллион сомго чейинки насыяларды биринчи үстөк пайызын төгүп 15 жылга чейин алып жатышат»,-деди Исланов
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: