Техника илимдеринин доктору, профессор, КРнын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, Кыргыз инженердик Академиясынын академиги Абдырахман Мавлянов:

-Мен Кубанычбек Жумалиевди студент кезден бери эмгекчил, идеяларга бай, билимдин аркасынан түшүп жаны тынбаган адам катары тааныйм. Азыркы учурга чейин эле дал ошондой мээнеткеч, жаш кездегидей эле дем менен илимди өнүктүрөйүн деп күйүп келет, себеби Кубанычбек мырза илимсиз, билимдүү жаштарсыз бир да өлкөнүн келечеги жок экенин жакшы түшүнгөн адам. Мен саясатчы эмесмин, ошондуктан интернет майданында анын тегерегинде жаралган жагдай тууралуу саясий баамды бере албайм. 

Илимге кошкон салымы абдан зор, өзү практик жана теоретик катары да күчтүү кадр. Мисал катары айтсам, 1992-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын илим жана жаңы технологиялар боюнча мамлекеттик комитетти дүркүрөтүп башкарып турган. Бирок бул комитеттин иши 2-3 жылдан кийин токтоп калган. Ал эми Кубанычбек Жумалиев акыркы жылдары маалыматтык технологиялар боюнча адис, келечек жаңы технологияларда экенин жакшы түшүнгөн илимпоз катары бул комитеттин, агенттиктин ишин кайра жандануусу үчүн көп аракет кылды.

Мындан сырткары, 1994-1995-жылдары КРнын билим берүү жана илим министрлигинин орун басары болуп жүргөн кезде, билим берүү тейлөөлөрүн эскпорттоого киришкен, башкача айтканда, эл аралык медициналык жогорку окуу жайларды ачып, чет элдик, айрыкча, индиялык студенттерди биздин өлкөдөн билим алууга тарткан. Бул биздин өлкө үчүн инвестиция тартуунун бир түрү болуп саналат, себеби миңдеген чет элдик студенттер контракты гана төлөбөстөн, жашаганга, тамактанганга, баскан-турганга акча коротушат, билинбегени менен мындай студенттердин биздин жерде окуусу өтө пайдалуу, билим берүү аркылуу инвестиция тартуу, чет элдик студенттерди чакыруу бул, мисалы, АКШ, Европа, Турцияда өлкөлөрүндө жакшы өнүккөн тенденция жана экономиканы өнүктүрүүнүн бир жолу. Мындан тышкары, анын сунуштоосу жана жетектөөсү менен КРнын УИАнын өзүнө беш институтту камтыган Түштүк бөлүмү ачылган. Инновациялык технологиялар боюнча Эл аралык университет, компьютурдук системалар жана экономика, байланыштар жана телекоммуникациялар боюнча колледждер жана лицей ачылган, тоо, геологиялык, транспорттук кыргыз колледжи, анын алдында бул багыт боюнча лицей да түптөлгөн. Бул иштер Кубанычбек Жумалиевдин билим берүү тармагына кошкон эбегейсиз зор салымы болуп эсептелет жана эл анын эмгегин билип, баалашы керек. 

Кубанычбек Жумалиевдин илимий-изилдөөлөрүнүн арасында жогорку сапаттагы цементти алууну изилдөө жана аны иштеп чыгаруунун технологиясын түзүү багыты да болгон. Мунун жыйынтыгында, Жумалиевдин дагы бир мыкты демилгеси менен учурда Жалал-Абад облусунуна караштуу Ноокен районунун Таш-Көмүр шаарынын четинде чоң цемент заводу курулууда. Бул чет элдик, билишимче, Кытай элинен алынган кредиттик каражатка салынууда, белгилей кетчү нерсе, ал кредитти алууга мамлекеттин эч кандай тиешеси жок. Эгер бул завод ийгиликтүү курулуп бүтүп, иштей баштаса, ал Жалал-Абад облусундагы жападан жалгыз цемент өндүрүүчү ишкана болбостон, мисалы, Өзбекстанга да цементти экспортоого мүмкүн болот. Көптөгөн жумуш орундары түзүлөт, түштүк элине сапаттуу цемент жетиштүү болот жана заводдун имердүүлүгүнөн өлкөнүн экономикасына каражат түшүп турат. Бул ишкананы куруу демилгесин К. Жумалиев абдан туура ойлонуштуруп жана керек болуп жаткан учурда иш жүзүнө ашыра баштаган. Себеби цемент – бул куруучулардын негизги азыгы, негизги каражаты, бардык нерсе колдонулуучу материал.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.