Бишкектеги активисттер Кыргызстандын жарандыгын кыргыздарга гана берүүнү талап кылышты. Бул тууралуу ордо калаанын Ала-Тоо аянтындагы митингде айтылды.

Чогулган 200-250 адам кытайлык жарандарга берилген визаларды кыскартып, кыргызстандык аймдарды алар менен үй бүлө түзүүгө тыюу салууну талап кылышты.

Митингчилер Ак үйгө барып, аткаминерлер менен жолугабыз деп пландаган, бирок милиция кызматкерлери аларды өткөргөн жок.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда КР визасын 21 миң Кытай жараны алган, мунун 14 миң 492 электрондук виза. 2017-жылы 12 миң 310 виза алынган, (анын ичинде 1 миң электрондук виза), ошону менен бирге көп жолку виза алгандар Кыргызстанга бир календардык жылдын ичинде бир канча жолудан келип-кетишкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.