Кыргыз-тажик че арасында, 22-апрелде чуу чыгып эки тараптын чек ара кызматы абалды турукташтыруу боюнча аракет кылды. Азыр абал туруктуу, бул тууралуу чек арачылардын басма сөз кызматы билдирди.
Эскертсек, кечинде саат 20:50дө Тажикстандын жараны кыргызстандык 9-жашар баланы күчкө салып тажикстандык “Ворух” анклавына алып кеткен.
“Каравшин суусунун ирригациялык системасын тазалап жатканда кыргызстандык бала экскаваторунун айнегин сындырып салды, – деп тажик укук коргоо органдарына тапшырган.
Тажик тараптын кадамына нааразы болгон 50-60 кыргыз жараны Аксай айылында чогулган. Эки мамлекеттин чек арачылары тез түрдө абалды жөңгө салууга аракет кылды. Абал турукташтырылып, калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: