2019-жылдын 18-июнунда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Таш-Тумшук кыштагында чыр чыкты. Бул тууралуу чек арачылардын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз-тажик чек арасынын кыргыз тарабы менен макулдашусуз дайындала элек жеринде тажик тарабынан Исфана-Аксай-Ворух жолу курула баштаган», – деп белгиленген.

Маалымат боюнча, Тажикстандын жарандары 20:00дөн 21:20га чейин жолду мыйзамсыз жабып турушкан. Чек арачылардын ишти токтотуу боюнча талабын четке кагып, чыр-чатакты баштаган.

Бугүн, 19-июнда эки тараптын жергиликтүү бийликтердин, укук коргоо органдардын өкүлдөрү жолугуу өткөрдү. Азырынча абал тынч.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.