Президент Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 25-декабрында Астанада кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо» жөнүндө Келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы блдирди.
Мыйзам ЖК тарабынан 2018-жылдын 6-декабрында кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзамдын максаты — мамлекеттер ортосундагы ички жол-жоболорду «КР эл аралык келишимдер тууралуу» КР мыйзамына ылайыктоо.
Кабыл алынган мыйзамдын 2-беренеси боюнча жогоруда берилген Келишимдин күчүнө кириши үчүн аткарууга зарыл болгон КР мамлекеттер ортосундагы ички жол-жоболору туурасында казак тарапка маалымдоо КР Тышкы иштер министрлигине тапшырылат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: