Бүгүн, 26-мартта таң эрте Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Туран аймактык башкармалыгынын (Южный) көчөлөрүн тиешелүү жетекчилер менен кыдырып чыкты.

Мэр аталган кичи райондогу тазалоо иштерин, мыйзамсыз курулуш, эскирген көрнөк-жарнактар көзөмөлгө алынбай жатканын сынга алды.

Калаа башчысы тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берип, шаар четиндеги кичи район көңүл сыртында калбашы керектигин билдирди.

Жашоочулар менен да жолугушуп, көйгөйлөрдү укту.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.