Бүгүн 19 апрелде, ӨКМнин куткаруучулары 5-жашар Барсбектин денесин табышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, маркумдун денеси Чу дарыянын Бирлик менен Гроздь айылдарынын ортосунда табылды.
Баланын туугандары издөөнү 11-апрелде баштаган. Күбөлөрдүн айтымында, Барсбек сууга жакын барып ойноп жатып кулап кеткен. Издөө иштерине Казакстандын Жамбул облусунун куткаруучулары да чакырылган. Жалпысы, куткарууга 130 адам кошулган.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: