Чүй облусунун Сокулук районунда 2018-жылдын 18-июнь күнү саат 04:03 чамасында Дача-Суу айылындагы Бишкек–Жаңы-Жер унаа жолунда “Mercedes-Benz Sprinter” мамлекеттик №01KG319AAZ жана сүт ташуучу “Mercedes-Benz” мамлекеттик №0S5929F үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Бур тууралу ӨКМнин басма сөз кызматы кабарлайт.
Кырсыктын кесепетинен “Mercedes-Benz Sprinter” унаасынын айдоочусу 1985-жылы туулган И. М. каза болгон, сүт ташуучу унаанын айдоочусу 1987-жылы туулган Т.Р., жабыркаган.
КР ӨКМ өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнүн №23 куткаруучулары каза болгон адамдын жансыз денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп, тез жардам кызматкерлери жабыркагандарды Бишкек шаарынын 4-ооруканасына жеткирилген.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.






Spelling error report
The following text will be sent to our editors: