Кантта Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) авиабазасында кызмат кылган аскердин сөөгү ижарага алынган батиринде табылган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алдын-ала маалымат боюнча аскер этил спиртине ууланып каза болгон.
“15-декабрда Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кишинин сөөгү табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу чыгып, кишинин ким экенин аныктаган”, — деп айтылат билдирүүдө.
Каза болгон аскер 39 жаштагы Россиянын жараны экени жана ЖККУнун “Кант” авиабазасында иштери аныкталды.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: