Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери жүргүзүүдө. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

2018-жылдын 13-ноябрь күнү саат 05:00 чамасында жааган кардын кесепетинен Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 75-76-чакырым аралыгында (Тамчы тилкеси) көлөмү болжол менен 6000м3 кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган. Кар көчкү оор жүк ташуучу унаанын четине тийип бирок унааны басып калган эмес. Ошондой эле 15 унаа өтө албай туруп калган. Кар көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Жолду тазалоо иштерине 1 жүктөгүч, 1 грейдер жана 1 манипулятор жумшалган. Учурда кар көчкү түшкөн жерге 1 жүктөгүч жетип тазалоо иш-чараларын жүргүзүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.