ӨКМ: поезд менен сүзүшкөн унаанын айдоочусу каза болду (тасма)
Бүгүн Чүй облусундагы Садовое айылында саат 11:20 чамасында эл ташыган поезд ГАЗ-53 унаасын сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Кырсыктын кесепетинен ГАЗ-53 унаасынын айдоочусу жабыркаган. Жерине КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган жаранды райондук ооруканасына жеткиришкен, бирок жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.
Азыркы учурда райондук ИИБнин кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралары жүрүп жатат.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Теги:
Поделиться:
Окшош жаңылыктар






Spelling error report
The following text will be sent to our editors: