ӨКМнин куткаруучулары Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 6 жашар баланы издөө иштери улантылууда. Бул тууралу министерствонун басма сөз кызматы билдирет.
13-июль күнү Бишкек шаарынын 1-Май районунун Ленская көчөсүндө Чоң Чүй каналына 2012-жылы туулган бала чөгүп кеткен.
Бүгүн, 2018-жылдын 17-июль күнү саат 09:15те издөө иштерин жүргүзүүгө КР ӨКМнин Сокулук районунун өрт-куткаруу бөлүмүнөн 6 куткаруучу, саат 09:45те КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзүлүүдө.
Бала табылбагандыктан куткаруучулар Чүй каналындагы суусун түшүрүү боюнча айыл чарба министрлигине кайрылышкан.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Поделиться:
Окшош жаңылыктар






Spelling error report
The following text will be sent to our editors: