Кечээ, 13-мартта, саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, чырдын себеби Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу болду. Буга каршы болуп тажик жарандары жолду тосуп 70 тургуну кыргызстандык 50 жаран менен бири-бирине таш ыргыткан.

Чырды эки мамлекеттин чек арачылары келип токтоткон. Кырыгзстандык тараптан бир жаран жаракат алган. Тажик тарабы бир жараны көз жумуп төрт адам жаракат болгонун белгиледи.

Чек арачылардын айтымында, абал туруктуу.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.