Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыкты. Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал курчуп кеткендигин кырдаал боюнча маалым берди.

КР Мамлекеттик  чек ара кызматынын төрагасынын, КР өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлүнүн катышуусунда чек арага канатташ аймактын элине түшүндүрүү иштери жүрүп жаткан учурда тажик тараптан Кыргызстандын жарандарына карата эки ок чыгарылган. Анын натыйжасында КР МЧКнын аскер кызматкери жарадар болду.

Мамлекеттик чек аранын бул тилкесинде чек ара тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Исфара – Ворух  автотрассасында кыймыл токтотулган. Ошондой эле Тажикстандын жарандары Исфана – Баткен жолун тосуп алышкан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.