Бүгүн, 29-январда Сокулук районудагы Новопавловка айылында 11 жаштагы баланы айдоочу сүзүп кеткен.

Окуя эртең менен саат 07:30 чамасында болгон. Сүзүп кеткен айдоочу Чүй облусунун ИИБүн кызматкери. Бул тууралуу Башкармалыктан тастыкташкан.

Алдын ала маалымат боюнча, окуучуну жолдон өткөрүү үчүн унаалар токтогон, бирок Audi A6 унаасы жолдун терс жагына чыгып баланы сүзгөн. Окуучу кырсык болгон жерден мерт кеткен.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.