Бүгүн “Ата Мекен” фракциясы тарых музейинде оңдоп-түзөө иштерин текшеришти. Бул жыйында депутаттар үнөмсүз сарпталган каражаттын тизмесин жарыялашты.

Музейдин чыгымдары:

  • экспозициянын курулушу — 1 миллион 339 миң 837 евро;
  • экспозициялык жабдык (витрина) — 2 миллион 854 миң 285 евро;
  • фонддук жабдуу — 665 миң 554 евро;
  • шамчырак, көргөзмө залдар үчүн шина проводдор — 552 миң 910 евро;
  • мультимедиалык жабдыктар — 497 миң 310 евро;
  • тирөөч/экспонаттардын жайгашышы — 242 миң евро;
  • графика/жарнамалык жабдык — 271 миң 965 миң евро;
  • мультимедиа үчүн контент — 419 миң 100 евро;
  • климаттык жана өлчөөчү жабдык — 316 миң 695 евро;
  • реставрациялык жабдык — 238 миң 918 евро;
  • сактоо үчүн атайын таңгак — 50 миң 2 евро;
  • фойе үчүн эмерек, касса жана музей дүкөнү — 271 миң 968 евро;
  • гардероб үчүн эмерек — 142 миң 560 евро;
  • кафенин кире беришине алынган эмерек — 224 миң 56 евро;
  • жыйындар залы/кинозал — 132 миң 516 евро;
  • шамчырактар жана коомдук бөлмөлөр үчүн шина проводдору (фойе, аудитория, ажаткана) — 91 миң 945 евро;
  • дизайнердик консультация кызматы — 394 миң 200 евро.

Бардык аныкталган фактыларды Башкы прокуратура текшерет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.