2018-жылдын 14-июнунда УКМК тарабынан Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматовго КР Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинин 2-бөлүгү боюнча (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) айып тагылды. Бул тууралуу УКМКнин басма сөз кызматы билдирет.
Маалымат боюнча, Кубанычбек Кулматов ССРУнун паспортун жоготкон себебинен 1995-жылдын 11-октябрында Орусиянын жарандыгын алган. 1996-жылдын 26-ноябрында Кулматов, “жоголгон” паспорт аркылуу Кыргызстандын жараны деп дайындалган. Алынган паспортту мурдагы мэр 2001, 2003 жана 2013 жылы жаңылаган.
“Ошентип, Кулматов паспорттук столдун кызматкерлерин алдап, россиялык жарандыгын белгилебей Кыргызстандын паспортун алган”, – деп УКМК белгиледи.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: