Чүй облусунун Сокулук районунда Сокулук сортун сыноо участогунун базасында Кылкандуу дан өсүмдүктөрүн өстүрүүгө арналган жана Талас облусунун Бакай-Ата сорт сыноо участогунун базасында төө буурчак өстүрүүгө арналган талаа күнү өткөрүлдү.
Иш-чарага Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн өкүлдөрү, Бакай-Ата районунун акими, айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин директору, үрөн чарбаларынын, райондук карантин кызматынын өкүлдөрү, РАӨБ, фермерлер катышты.
Анда Кылкандуу дан өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн агротехнологиялары, ошондой эле ата мекендик жана чет өлкөлүк селекциядагы Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору жана гибриддери сыноодо көрсөтүлдү.
Ал эми Бакай-Ата сорт сыноо участогунда төмөнкү өсүмдүктөр боюнча сыноолор жүргүзүлүүдө: күздүк буудай – 37 сорт сыноо, күздүк арпа – 8 сорт сыноо, күздүк тритикале – 6 сорт сыноо, жаздык буудай – 10 сорт сыноо, жаздык арпа – 16 сорт сыноо, жаздык арпа – 4 сорт сыноо, жүгөрү – 15 сорт сыноо, кант кызылчасы – 16 сорт сыноо, төө буурчак – 12 сорт сыноо.
Мындан тышкары, катышуучуларга Кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн бардык сортторунун (буудайдын 250дөн ашык сорту, арпа, тритикле ж.б.) коллекциясы себилген участок көрсөтүлдү.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: