2023-жылдын 6-июлунда, Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинин Статс-катчысы – Юстиция министринин орун басары Андрей Логиновдун Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында, КРнын Юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Түзүлгөн ведомстволор аралык мамилелерди мындан ары тереңдетүү жана чыңдоо максатында тараптар өз ара ишмердүүлүктү улантууга жана тажрыйба алмашууга багытталган бир катар практикалык иш-чараларды өткөрүүнү макулдашышты.
Жолугушуунун соңунда, ар түрдүү тармактарда тажрыйба алмашуу максатында, тараптар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга жана кызматташуу программасына кол коюуга иш-чараларды даярдоо боюнча маселелерди иштеп чыгууга макулдашышты.
Источник – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: