Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин кызматкерлери Эстонияда иш сапарда жүрүшөт
29-мартта Эстониядагы делегация Таллин шаарынын мэриясына жумушчу сапары менен барды. Эстониялык кесиптештер өлкөнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруусун санариптештирүүгө басым жасоо боюнча практикалык тажрыйбасы менен бөлүшүштү.
Эстониядагы иш сапарда жүргөн кесиптештердин байкоосунда:
Санариптештирүү жергиликтүү маанидеги чечимдерди мобилизациялоого, муниципалдык башкаруу системасын натыйжалуу жана ачык-айкын кылууга, ал эми коррупциянын жоктугу боюнча өлкө жалпы дүйнөлүк рейтингдерде алдыңкы позицияларга чыга алыптыр.
Бүгүнкү күндө санариптик технологияларды колдонуунун аркасында мамлекеттик, ошондой эле муниципалдык органдардын иши шаардыктардын маалыматтарды алуусу бир жолу суроо жана аларды көп жолу колдонуу принциби боюнча жүргүзүлөт.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: